Бишкекте 6 жаштагы баланы үч ит талап кетти (видео)
Бишкекте иттер кол салган 6 жаштагы бала боюнча шаардык милиция үн катты.
Маалым болгондой, окуя 1-апрелде саат 17:37 чамасында болгон. Милицияга Калыс-Ордо-2 конушунда иттер 5 жаштагы балага кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барып, маалымат тастыкталды. Жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала экени аныкталды.
Иттер жеринде атылды. Укук коргоо кызматкерлери 18:00дөр чамасында баланы ооруканага жеткиришти.
Учурда баланын абалы туруктуу. Тергөө иштери уланууда.
“Кабар” агенттигине жабыркаган баланын атасы Бекзат Туйтеев билдирдирген маалыматына караганда, балага операция жасалды.
Анын айтымында, баласы ойноп жатып, кошунасынын короосуна кулап кеткен. Коңшусунун иттери баланы тиштегилеп, талап салган.
“Иттер баламдын буттарын, болгон денесин тиштегилешкен. Баш мээси жабыркаган. Кечинде операция болду. Азыр баламдын абалы туруктуу. Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасында жатат”, - деди ал.
Ошондой эле Бекзат Туйтеев окуя боюнча милицияга айтып бергенин жана алар мыйзам чегинде иттердин ээсине карата чара көрүү керектигин белгиледи.