Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам көрсөтөт
03.04.26 | 01:53
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстадын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирет. Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иранга жеткирүүгө жөнөтүлдү. Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.
Редактор
Редактор
Поделиться: