Жарнама

“Манас” аэропортунун аймагында мечит курулат

03.04.26 | 13:21
“Манас” аэропортунун аймагында мечит курулат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды.

Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Эске салсак, учурда "Манас" аэропортунда ири масштабдуу реконструкция иштери жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, учуп-конуу тилкеси, аэродромдун жабдуулары жаңыртылып, терминалдык комплекс кеңейтилет. Ушул жылдын май айында курулуш иштери аяктагандан кийин, аэропорттун кубаттуулугу үч эсе көбөйөт. Мындан тышкары, 650 орундуу жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча