Жарнама

Ошто мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча милиция териштирүү баштады

03.04.26 | 16:53
Ошто мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча милиция териштирүү баштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган баланын апасы мугалимге кол көтөргөн окуя боюнча калаа милициясы териштирүү баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 3-апрелде маалымдады.

Башталгыч класстардын мугалими окуучусунун апасы кол көтөргөнү тартылган тасманы соцтармактагы баракчасына жарыялады. Мугалим мындай “мамилеге” окуучу баланы сабактан кийин анын коопсуздугу үчүн сыртка чыгарбай койгону үчүн туш болгонун жазды.

"Биз ар күнү бала мектептен чыгып чуркап кетпесин деп аларды класска киргиле дейбиз. Мектеп шаардын ортосунда жайгашкан. Эгер бала көчөгө чуркап кетсе жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт. Натыйжада мен баласынын коопсуздугуна кам көргөнүм үчүн анын апасы мени башыма уруп кетти", - деп жазды ал.

Мугалим бул окуя боюнча милицияга кайрылган. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча