Жарнама

Ошто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголду

05.04.26 | 17:23
Ошто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаардык милициясы жеке мектептеги мугалим менен окуучунун апасынын ортосундагы пикир келишпестик боюнча эки кылмыш ишин козгогонун билдирди.

9-мартта Оштогу “Юниум” жеке менчик мектептин мугалими милицияга арыз менен кайрылып, 1-класстын окуучусунун апасы аша кол көтөргөнүн билдирген. Ошол эле күнү экинчи тараптан да арыз түшүп, мугалимдин үстүнөн даттанган.

Шаардык милиция окуучунун апасынын күч колдонгону жана мугалимдин окуучуларга ырайымсыз мамиле жасаганы, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары болгону аныкталганын билдирди. Бул боюнча видео материалдар алынганын жана сотко өткөрүлүп берилерин тактады.

Мугалимге карата Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо, эми окуучунун апасына 280-берененин 1-бөлүгү (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча