Жарнама

Жети-Өгүздө жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат

06.04.26 | 11:44
Жети-Өгүздө жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат. Бул тууралуу SputnikКыргызстан агенттигине аталган райондун акими Эрмек Бахавидинов билдирди.

Анын айтымында, салынган үйлөр дароо кирип жашоого даяр болуп, жашоо-шарты начар жалгыз бой 100 энеге берилет.

"Айыл өкмөттөн үч гектар жер бөлүп бергенбиз. Үйлөр кайрымдуулук фонду тарабынан 170 миллион сомго курулуп жатат. Бардык шарты, эмереги менен болот. Буюрса, жайында берилет", — деди район жетекчиси.

Ал ошондой эле социалдык шаарчада кичи стадион, ФАП, мечит жана кондитердик цех салынарын кошумчалады. Бала бакча куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча