Нарын дарыясына дагы бир бала түшүп кетти
06.04.26 | 16:53
5-апрелде Аксы районун Кум айылында 7 жаштагы бала Нарын дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.
Маалымдалгандай, ал күнү 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн 16 куткаруучу, 1 дрон жана 3 кайык менен издөөгө чыгышкан. Ошондой эле милиция кызматкарлери менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине кошулушкан.
Башкармалык "Үч-Коргон" ГЭСи менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көлөмүн азайтуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады. Бул издөө иштерин жеңилдетмекчи.
Айта кетсек, кечээ, Нарын шаарында да 5 жашар бала дарыяга түшүп кеткен.
Редактор
Редактор
Поделиться: