Жарнама

Нарын дарыясына дагы бир бала түшүп кетти

06.04.26 | 16:53
Нарын дарыясына дагы бир бала түшүп кетти КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

5-апрелде Аксы районун Кум айылында 7 жаштагы бала Нарын дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.

Маалымдалгандай, ал күнү 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн 16 куткаруучу, 1 дрон жана 3 кайык менен издөөгө чыгышкан. Ошондой эле милиция кызматкарлери менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине кошулушкан.

Башкармалык "Үч-Коргон" ГЭСи менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көлөмүн азайтуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады. Бул издөө иштерин жеңилдетмекчи.

Айта кетсек, кечээ, Нарын шаарында да 5 жашар бала дарыяга түшүп кеткен.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча