Жарнама

Бишкекте терезеден кулаган эне-бала жерге берилди

06.04.26 | 16:55
Бишкекте терезеден кулаган эне-бала жерге берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган келиндин жана балдарынын биринин сөөгүн туугандары бүгүн 6-апрелде жерге беришти. Бул тууралуу Азаттык маалымдады.
Каргаша 4-апрелдин кечинде болгон. Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган.

Милиция ал өзү жана кичүүсү ошол жерден жан бергенин, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы өтө оор экенин билдирүүдө. Министр Дамир Осмонов Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына барып, кыздын абалы менен таанышты.
Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркум келиндин күйөөсү 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармады. Шектүү убактылуу кармоо жайына жеткирилди.
"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды", - деп айтылды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча