Жарнама

Лейлектеги аскердин абалы туруктуу оор бойдон калууда

07.04.26 | 12:29
Лейлектеги аскердин абалы туруктуу оор бойдон калууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Лейлек районунда 4-апрелде жол кырсыгынан оор жаракат алган аскердин абалы туруктуу, оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн профилдик адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү. Абалы туруктуу оор деп бааланууда. Дарылоо уланууда.

Эскерте кетсек, 4-апрелде Лейлек райондук ооруканасына оор жаракат алган 2004-жылы туулган аскер кызматкери Н.Д. түшкөн. Ал жандандыруу бөлүмүнө өтө оор абалда жаткырылган. Ага баш сөөгүнүн жабык жаракаты, мээнин оор даражадагы чайкалышы жана мээге кан куюлуу диагноздору коюлган. Ошондой эле Оштон санавиация менен дарыгерлер барып, бейтапка операция жасашкан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча