Жарнама

Кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болду (видео)

08.04.26 | 09:30
Кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болду (видео) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту.

Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту.

Ошентип, Акжол Махмудов спорттук карьерасында Азиянын төрт жолку, ал эми калган эки кыргыз балбандары биринчи ирет Азия чемпиону болушту.

Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. 8-апрелде Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын намысын коргоп, килемге чыгат.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча