ЖК төрагасы айдоочулук күбөлүк маселесин мындан ары көтөрбөөнү айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар "Учкун" басмаканасына барып, соңку кезде талкуу жаратып жаткан паспорт, айдоочулук күбөлүк чыгаруу иштери менен таанышты.
Спикер Кыргызстан чыгарып жаткан документтер боюнча
тийиштүү мекемелер маалымат бергенин 8-апрелдеги жыйында билдирди.
"Өзүм дагы ошол жерден жыйын өткөрүп, тийиштүү мекемелер "Унаа",
Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти. Айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү
башка өлкөлөргө өз убагында алдын ала жөнөтүлүп, бир дагы мамлекет кандайдыр маселе
койбогонун айтышты. Анын алкагында Вена конвенциясынын талаптарына толугу менен
жооп берет деген жооп айтылды. Бул маселе жаралбаш керек, мындан ары бул
маселени толугу менен жаап койсок болот", - деди төрага.