Жарнама

Тоо текелерди аткандарга салына турган айып пул өлчөмү жогорулатылды

09.04.26 | 11:49
Тоо текелерди аткандарга салына турган айып пул өлчөмү жогорулатылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмү жогорулады.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт.

Жаңы ченемдерге ылайык, тоо текени мыйзамсыз атуу үчүн айып пулдун өлчөмү үч эсеге жогорулап, 300 000 сомду, ал эми элик үчүн 100 000 сомду түздү. Ошондой эле ак жана кара илегилектерге зыян келтиргендиги үчүн 30 000 сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Айып пулдардын суммасын кайра карап чыгуудан сырткары, документ каражаттарды бөлүштүрүү механизмин да өркүндөтөт: эми өндүрүлгөн каражаттын бир бөлүгү экологиялык укук бузууларды аныктаган жана аларды тариздөөгө көмөктөшкөн адамдарды материалдык жактан сыйлоого жумшалат. 

"Бул чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана браконьерлик менен күрөштү күчөтүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча