Жарнама

TikTok колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга чакырыктар үчүн кармалды

09.04.26 | 18:40
TikTok колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга чакырыктар үчүн кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 9-апрелде бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган Б.К.Ж. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Ал TikTok социалдык тармагындагы oiboi_007 аккаунтунун ээси катары массалык башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган материалдарды туруктуу жарыялап келген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамга каршы мазмундагы постторго тиешеси бар экенин моюнуна алган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

УКМК жарандарды интернет айдыңында зордук-зомбулукка, башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырып, мындай аракеттер мыйзам алдында кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча