Жарнама

Президент: Өзүбүздүн бала деп шайлаганыңар парламентте 300 сомдук маселени көтөрүп жүрөт

14.04.26 | 12:11
Президент: Өзүбүздүн бала деп шайлаганыңар парламентте 300 сомдук маселени көтөрүп жүрөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугуп жаткан учурда 2 жылдан бери курултайга жаш өкүлдөр шайланып, бирок барбай калып жаткандыгы айтылды.

«Шайлайбыз, бирок жергиликтүү бийлик жөнөтпөйт», - деди жергиликтүү тургун.

Президент курултайга келе тургун өкүлдү тандоо жергиликтүү кеңештин төрагасы, депутаттары тарабынан уюштуруларын белгиледи. Тургун алардын соттуулугуу бар деген жүйөө келтирилгендигин кошумчалады.

«Эл өзүңөр шайлап туруп жиберишиңер керек. Соттолгондор болсо анда болбойт, мыйзам бар. Мына биз силерге — элге бийликти берип жатабыз колуңарга. Курултайга эркин шайлоо кылып, айыл өкмөттү катыштырбай келебиз. Мен муну өзүм көзөмөлдөп жатам. Эмне үчүн дегенде, айыл өкмөт, акимдер, баякы бакырчак-кыйкырчактар уурулук иштеримди айтып ийбесин деп жибербей коюшу мүмкүн деп ойлогом.

Шайлоо боюнча да ошондой. Мына Жогорку Кеңешке шайлоону кылдык, өзүңөргө эркин шайлоо бердик. Эми мындан ары дагы ошондой болот. Жергиликтүү бийлик тийишпейт. Мугалимдер, дарыгерлер аралашпайт. Силерге "Түздөн-түз өкүлүңөр. өзүңөр жибергиле" деп округдан үч депутатка, эки эркек, бир аялга орун берип жатабыз.

Акчага сатылбаганга, тааныш-билиштик кылып шайлабаганга, иштей турган, жаш, энергиялуу, сабаттуу адамдарды шайлоого көнөлү. Акчага сатылып шайласаңар, анда кебетебиз баягы илгерки эле 30 жыл мурунку кебетеге түшүп калабыз. "Бизге керектүү мыйзамдарды жазып берет", "Ушул өсчү бала деп" шайлагыла. Тууган-урук деп эле шайлап бересиңер. "Ошол өзүбүздүн бала, өзүбүздүн айыл" деп. Ал барып МАИлер менен урушуп, Жогорку Кеңеште 300 сомдук маселени көтөрүп жүрөт. Айылдын, райондун эле маселеси эмес, 3 миллиарддык, 3 триллиондук маселелерди көтөрүш керек. Мамлекеттик масштабдагы маселелерди көтөрүш керек», - деди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча