Жарнама

Депутат жаштар арасында онлайн насыя алуу көбөйүп жатканын билдирди

15.04.26 | 14:04
Депутат жаштар арасында онлайн насыя алуу көбөйүп жатканын билдирди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Ахмедова жаштар арасында мобилдик тиркемелер аркылуу микрокредиттерди алуу көп катталып жатканын билдирди.

Эл өкүлү буга байланыштуу онлайн насыя берүүдө кошумча шаттарды киргизүүнү сунуштады.

"Акыркы мезгилде жаштар ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн уруксаты жок, мобилдик тиркемелер аркылуу микрокредиттерди алып жаткан учурлар көбөйдү. Мунун натыйжасында айрым үй-бүлөлөрдө материалдык кыйынчылыктар жаралууда. Ошондуктан жашы жете электерге онлайн насыя берүүдө көзөмөлдү күчөтүү керек. Белгилүү бир жаш куракка чейин, мыйзамдуу өкүлдүн уруксатын талап кылган кошумча шарттарды кошууну сунуштайм", - деди депутат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча