Жарнама

Өзгөндө асынган абалда табылган келиндин өлүмүн милиция иликтөөдө

15.04.26 | 15:44
Өзгөндө асынган абалда табылган келиндин өлүмүн милиция иликтөөдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан 12-апрелде Өзгөндө асынган абалында табылган келиндин иши боюнча иликтеп-тергөө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Милиция кабарлагандай, 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылганы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө 12-апрель күнү, саат 19:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн, күбөлөр суралган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы толук иликтенип жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча