Өзгөндө асынган абалда табылган келиндин өлүмүн милиция иликтөөдө
15.04.26 | 15:44
Ош
облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан 12-апрелде Өзгөндө асынган абалында
табылган келиндин иши боюнча иликтеп-тергөө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ОИИБнын
басма сөз кызматы кабарлады.
Милиция кабарлагандай, 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылганы
тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө 12-апрель күнү, саат 19:00 чамасында
түшкөн. Окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн, күбөлөр суралган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы толук
иликтенип жатат.
Редактор
Редактор
Поделиться: