Оштун борбордук базарындагы жер акысын 50%га арзандатуу пландалууда
15.04.26 | 15:48
Ош шаарындагы жаңы борбордук базардагы соодагерлер үчүн жер акысын арзандатуу пландалууда. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, мэр Жанар Акаев базардагы соодагерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн уккан. Соодагерлер жер акысынын кымбат экенин, базарга каттаган коомдук каттам аз экенин айтып, жаңы базарга кошумча жолдорду куруу маселесин айтышкан.
Мэр алардын маселесин чечүү үчүн жеринде тишелүү жетекчилерге тапшырма берген. Ошондой эле жер акыны арзандатуу маселеси шаардык кеңеште караларын, алар депутаттарга акыны 50%га түшүрүүнү сунуштай турганын билдирген.
Редактор
Редактор
Поделиться: