Жарнама

Бишкек менен Чүйдө сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораториялары текшерилди

17.04.26 | 09:50
Бишкек менен Чүйдө сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораториялары текшерилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусунун райондорунда чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын көзөмөлдөөчү лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда сүт ишканаларына чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, техникалык регламенттин талаптарын сактоо боюнча кеңештер берилди.

Сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораторияларында ветеринардык каражаттардын калдыктарын аныктоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Учурда лабораторияларда негизинен антибиотиктердин айрым түрлөрү — левомицетин, тетрациклин, стрептомицин жана пенициллин текшерилет.

Ал эми башка антибиотиктердин (жалпы 75 түрү) калдыктары мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.

Мындан тышкары, лабораториялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү максатында аккредитациядан өтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча