Кечээки жаандан кийин Бишкектеги Улуттук госпиталдын бир бөлүмүн суу каптады
17.04.26 | 12:40
Кечээки жаандан кийин Бишкектеги Улуттук госпиталдын бир бөлүмүн суу каптады.
Оорукананын маалыматына ылайык, мындай абал канализация түтүктөрүнө бахила, салфетка сыяктуу гигиеналык калдыктардын толуп калышынан улам жаралган. Натыйжада жер төлөнү суу каптаган.
Авариялык кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүп, канализация системасы калыбына келтирилди. Учурда госпиталдын Тез жардам бөлүмү кадимки режимде иштеп жатат.
Редактор
Редактор
Поделиться: