Жарнама

«СпецГазМонтаж»: Кыргызстандагы объекттерди газдаштыруу боюнча комплекстүү чечимдер

20.04.26 | 08:45
«СпецГазМонтаж»: Кыргызстандагы объекттерди газдаштыруу боюнча  комплекстүү чечимдер КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «СпецГазМонтаж» курулуш-монтаждоо башкармалыгы филиалы республика аймагында газдаштыруу боюнча монтаждоо иштерин 14 жылдан бери жүргүзүп келет.

Ишкана көп батирлүү үйлөрдү, коммуналдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерин газ менен камсыз кылуу боюнча толук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт. Кызматтардын тизмесине газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоо, керектүү материалдарды жеткирүү, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүн монтаждоо жана көчүрүп жылдыруу, жогорку басымдагы газ өткөргүчтөрүн куруу, жер иштери (анын ичинде котловандарды жана траншеяларды казуу), техникалык документтерди даярдоо жана бардык этаптарда сапатты көзөмөлдөө кирет.

Филиалда профилдик окуудан жана аттестациядан өтүп, тастыкталган сертификаттарды алган адистер иштешет. Атайын техника жана жабдуулар бар. Бардык иштер өндүрүштүк коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

 Акыркы алты айдын ичинде эле «СпецГазМонтаж» КМБ бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып, төмөнкү объекттер газга кошулду:

·     «Елисейские поля» көп батирлүү турак жай комплекси,

·     Бишкек санитардык полигону (газды керектөө кубаттуулугу – суткасына 158 миң куб метрге чейин),

·     «Бишкексельмаш» ЖЭБи (керектөө көлөмү болжол менен 15 миң куб метрди түзөт),

·     «Асыл-Таш» керамикалык плитка өндүрүүчү заводу.

 Ошондой эле сегиз мектепте жана эки мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жылытуу үчүн отканаларды орнотуу иштери аткарылган; Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай комплексин газдаштыруу улантылууда.

«СпецГазМонтаж» КМБ бардык иштерди белгиленген мөөнөттөрдө жана бардык технологиялык талаптарды сактоо менен аткарууну камсыз кылат. Өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ишкана өлкөнүн ар кайсы аймактарында ар кандай татаалдыктагы долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйба топтогон.

 Байланыш маалыматы:

Дареги: Бишкек ш., Фучик көчөсү, 19,

Телефон: 0312 89-74-25, 0502 11-88-11

Электрондук почта: smu@gazprom.kg.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча