Айдоочу инспектордун токтотуу боюнча талабын аткарбай, кызматкердин бутун сындыра сүздү
20.04.26 | 09:39
Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык, 19-апрельде болжол менен саат 05:30 чамасында Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны токтотуу аракети көрүлгөн. Айдоочу инспектордун токтотуу боюнча мыйзамдуу талабын этибарга албай, кызматкерди сүзүп кеткен. Натыйжада инспектор бутун сындырып алган.
Дароо эле аталган унаа боюнча маалымат түнкү нөөмөткө берилген жана кийинчерээк МККБнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жабыркаган инспекторго биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Редактор
Редактор
Поделиться: