Өлкөдө экинчи дүйнөлүк согуштун 24 гана ардагери калды
20.04.26 | 11:01
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Эмгек министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, алардын сегизи согуштун түз катышуучулары.
- Бишкек — 4;
- Чүй облусунун Жайыл району — 2;
- Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.
"Өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт. Алардын 4ү Бишкек шаарында, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында. Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар. Алардын 8и Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт", - деп белгиленген маалыматта.
Редактор
Редактор
Поделиться: