Жарнама

Ак-Ордо-3 конушундагы көчүрүү боюнча милиция түшүндүрмө берди

21.04.26 | 19:20
Ак-Ордо-3 конушундагы көчүрүү боюнча милиция түшүндүрмө берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Социалдык тармактарда тараган Ак-Ордо-3 конушундагы көчүрүү боюнча видеого байланыштуу расмий түшүндүрмө берилди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иш-аракеттер Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечиминин негизинде жүргүзүлгөн. Аталган чечим 2025-жылдын 4-мартында мыйзамдуу күчүнө кирген.

Ага ылайык, көрсөтүлгөн даректе мыйзамсыз курулган турак жайды бузуу боюнча аткаруу өндүрүшү башталган. Мындай иштерди аткаруу, башкача айтканда, жарандарды көчүрүү жана имараттарды бузуу сот аткаруучулардын ыйгарым укугуна кирет.

Ички иштер органдары бул процесске түздөн-түз катышпайт. Ички иштер министрлигине караштуу кызматкерлер окуя болгон жерде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана тартылган.

Маалыматка ылайык, бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча