Жарнама

Дастан Жумабеков Манас университетинин аймагынан өтчү жол куруу демилгесин сынга алды

22.04.26 | 13:15
Дастан Жумабеков Манас университетинин аймагынан өтчү жол куруу демилгесин сынга алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Бишкек мэриясынын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагын аралап өтчү жол куруу демилгесин сынга алды. Бул тууралуу ал парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү калаа бийлигин мыйзам талаптарын эске алууга чакырып, аталган окуу жай эл аралык макамга ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, университеттин ишмердүүлүгү Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам аркылуу бекитилген, ошондой эле жер тилкеси Бишкек мэриясы тарабынан мамлекеттик акт менен берилген.

Депутат 2024-жылы каралып, бекитилген келишимде университеттин аймагы кампус катары так аныкталганын эске салды. Анын түшүндүрмөсүнө ылайык, кампус — бул бирдиктүү аймак болуп эсептелет жана студенттер үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу негизги талап болуп саналат.

Жумабеков Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып, бул маселеге көңүл бурууну жана мурда түзүлгөн келишимдерди сактоону өтүндү. Ал ошондой эле мэриянын жол куруу демилгеси коомчулукка туура эмес маалымат берүү менен коштолуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы университеттин Жал кичи районундагы кампусун аралап өткөн жол унаа кыймылы үчүн ачыларын билдирген. Бул демилге студенттер арасында нааразычылык жаратып, алар жашыл аймактын бузулушу, айлана-чөйрөгө зыян келтирилиши жана коопсуздук маселелери боюнча тынчсызданууларын билдиришкен.

Кийинчерээк шаар мэри Айбек Жунушалиев бул маселе боюнча түшүндүрмө берип, шаар тургундарына кайрылуу жасаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча