Дастан Жумабеков Манас университетинин аймагынан өтчү жол куруу демилгесин сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Бишкек мэриясынын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагын аралап өтчү жол куруу демилгесин сынга алды. Бул тууралуу ал парламент жыйынында билдирди.
Эл өкүлү калаа бийлигин мыйзам талаптарын эске алууга чакырып, аталган окуу жай эл аралык макамга ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, университеттин ишмердүүлүгү Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам аркылуу бекитилген, ошондой эле жер тилкеси Бишкек мэриясы тарабынан мамлекеттик акт менен берилген.
Депутат 2024-жылы каралып, бекитилген келишимде университеттин аймагы кампус катары так аныкталганын эске салды. Анын түшүндүрмөсүнө ылайык, кампус — бул бирдиктүү аймак болуп эсептелет жана студенттер үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу негизги талап болуп саналат.