Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев 103 жашында көз жумду
Кечээ, 21-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев 103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1924-жылдын 1-январында Кемерово облусунун Кузедеев районундагы Силен айылында туулган. 1942-жылы аскердик кызматка чакырылып, алгач мылтык полкунда курсант катары билим алган, андан соң пулемёттук бөлүктө кызмат өтөгөн. 1943-жылы зениттик-артиллериялык полкко которулган.
Согуш жылдарында Маньчжуриядагы операцияларга катышып, Японияга каршы согуш учурунда согуштук техниканы башкарган.
Василий Пухарев бир катар юбилейлик медалдар менен сыйланган. Алардын ичинде 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60, 65, 70 жана 75 жылдыгына арналган медалдар бар.
Бишкек шаарынын мэриясы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.