Жарнама

Бишкекте дарыгерлер татаал төрөттү ийгиликтүү өткөрүп, үч эм төрөлдү

22.04.26 | 18:19
Бишкекте дарыгерлер татаал төрөттү ийгиликтүү өткөрүп, үч эм төрөлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында дарыгерлер татаал төрөттү ийгиликтүү өткөрүп, үч эм жарык дүйнөгө келди.

Медициналык мекеменин маалыматына ылайык, 35 жаштагы аял март айынын аягында кош бойлуулуктун 31-жумасында ооруканага жаткырылган. Ага оор преэклампсия, мурдагы кесарево операциясынан калган жатын тыртыгы жана башка кошумча коркунучтар аныкталган.

Бүгүн дарыгерлер пландуу кесарево операциясын жүргүзүшүп, эки мүнөттүн ичинде үч уул төрөлдү. Ымыркайлар саат 11:46, 11:47 жана 11:48де жарык дүйнөгө келишкен.

Учурда жаңы төрөлгөн ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы туруктуу деп бааланып, керектүү дем алдыруу жардамдары көрсөтүлүүдө.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча