Жарнама

Чүйдө таанышын бычактап салды делип 30 жаштагы жаран кармалды

23.04.26 | 10:26
Чүйдө таанышын бычактап салды делип 30 жаштагы жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде облустук милиция билдирүү таратты.
Милицияга Новониколаевка айылында бычактан жаракат алган киши Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Төмөнкү жагдайлар аныкталган:
  • Жабырлануучу шектүүнүн үйүнө спирт ичимдиктерин алып барган.
  • Аны ичип отурушкан учурда алардын ортосунда чыр чыккан.
  • Шектүү ашкана бычагы менен жабырлануучуга зыян келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча