Жарнама

Нурдан Орунтаев "Ысык-Ата жаракасы" боюнча түшүндүрмө берди

27.04.26 | 09:22
Нурдан Орунтаев "Ысык-Ата жаракасы" боюнча түшүндүрмө берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкектин түштүк тарабынан өткөн "Ысык-Ата жаракасы" боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, "Ысык-Ата жаракасы" – эки тектоникалык плита кошулган жер. Ал жерде кандайдыр бир тешик, чуңкур жок.

Ошол "Ысык-Ата жаракасы" өткөн жерге жакын-алыстыгына жараша коргоо аймактары бар, алар биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү зоналар болуп бөлүнөт. Кайсы зона экенине карап, үйлөр канча кабат болуп салынары аныкталат.

“Биринчи зонада жер там гана салганга болот. Экинчи зонада, жаңылбасам, үчтөн беш кабатка чейин, үчүнчү зонада алтыдан сегиз кабатка чейин, төртүнчү зонада тогуздан 12 кабатка чейин үй салганга уруксат. Канчалык алыстаган сайын үйдүн бийиктигине болгон чектөөлөр алынат”, - дейт ал.

Орунтаев билдиргендей, президенттин админитрациясынын имараты “Ынтымак Ордо” жанагы зоналар аяктаган жерде салынган. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча