Жарнама

Социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылууда

27.04.26 | 10:25
Социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
1-апрельден тартып калкты социалдык коргоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу каралган.
Учурдагы этапта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, тактап айтканда: Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, «Келечек» майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн социалдык кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Жалпысынан эмгек акысын жогорулатуу бул мекемелердин 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.
Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15000 сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5000 сом өлчөмүндө «президенттик компенсациялык төлөмү» кошумча киргизилди.
Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган, анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү каралууда.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча