Жарнама

Көп аялдуулук боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакырылды

28.04.26 | 08:46
Көп аялдуулук боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакырылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен алуу демилгеси менен кол топтогон Өзбек Чотонов милицияга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер министрлиги 27-апрелде кабарлады.

“Текшерүүнүн алкагында аталган акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде диний ишмер Өзүбек ажы Чотонов түшүндүрүү маегине чакырылды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп аялдуулук кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Социалдык тармактарда Өзүбек Чотоновдун көп аялдуулуктун жазасын жеңилдетүү боюнча кол топтоп жатканын билдирген видеосу тарап, социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча