Жарнама

Ийгилик жана тынымсыз өнүгүү: MEGA компаниясына 20 жыл!

28.04.26 | 09:00
Ийгилик жана тынымсыз  өнүгүү: MEGA компаниясына 20 жыл! КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

20 жыл — бул жөн гана дата эмес. Бул — өнүгүүнүн, зор жетишкендиктердин жана миллиондогон абоненттердин бекем ишениминин даңазалуу тарыхы.

MEGA компаниясын даңктуу юбилейи менен чын дилден куттуктайбыз! Ушул жылдар аралыгында сиздер алгачкы кадамдардан тартып, телекоммуникация тармагынын алдыңкы лидерлеринин бирине айланып, таасирдүү жана сыймыктуу жолду басып өттүңүздөр. Сиздер жөн гана байланыш түзбөстөн, адамдарды бириктирип, аралыктарды жакындатып, бизнестин өсүшүнө дем берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып келесиздер.

Туулган күнүндө MEGA ар бир абонентине ыраазычылык билдирип, акысыз интернет белек кылат. Белектин көлөмү компания менен канча убакыттан бери бирге экениңизге жараша болот:

5 жылга чейин — 5 ГБ,

6 жылдан 10 жылга чейин — 10 ГБ,

11 жылдан жогору — 20 ГБ.

Белекти алуу үчүн MegaPay тиркемесинен атайын пакетти кошуңуз же *400# командасын териңиз. Белек интернети активдүү тариф болгондо 7 күн бою жеткиликтүү болот.

MEGA компаниясына мындан ары да чексиз өсүп-өнүгүүнү, инновациялык технологияларды ийгиликтүү ишке ашырууну, бекем туруктуулукту жана бийик максаттарды багындырууну каалайбыз. Тармактарыңыздар ар дайым ишенимдүүлүктүн үлгүсү болуп, кардарларыңыздардын ишеними сиздерге күч-дем берип турсун.

Юбилейиңиздер кут болсун! Алдыңыздарда жаңы жеңиштер, жаркын долбоорлор жана улуу жетишкендиктерге карай ишенимдүү кадамдар күтүп турсун!

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча