Кыргыз тоо-кен тармагынын жаңы деми
Кыргызстан акыркы жылдары мыкты экономикалык көрсөткүчтөргө жетишип, бардык тармактарда динамикалык өнүгүү орун алууда. Ички дүң продукциянын өсүү темпи, салыктык кирешелердин артышы жана ири инфратүзүмдүк долбоорлордун жанданышы өлкөнүн туура багытта баратканынын далили. Бул процесстерде кыргыз экономикасынын локомотиви болгон, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жаңы дем берген Кумтөр ишканасынын салымын айтпай кетпесек болбос.
Эгер Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына келбегенде, Кумтөр дагы деле чет элдиктердин кызыкчылыгына иштей бергенде, Кыргызстандын азыркы абалы кандай болмок? Кейиштүү болмок. Миллиарддаган акчалар кумга сиңген суудай жок болмок.
Сөзүбүз кургак болбос үчүн фактылар менен мисал келтирсек.
Кумтөр ишканасы мамлекет менчигине алынгандан бери 70 тоннадан ашык алтын казылып, 5,1 миллиард доллар пайда таап, таза кирешеси 2,1 миллиард доллардан ашты. Мамлекеттик бюджетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 175 млн доллар которду. Ал эми дивиденд түрүндө эле жүз миллиондогон доллар рекорддук суммадагы каражаттар төлөнүп келе жатат.
Бул каражаттын баары өлкө кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, асман тиреген ипотекалык үйлөр, кычыраган жолдор, көпүрөлөр, стадион, мектеп, бала бакчалардын курулушуна салым кошууда.
Жакынкы 3 жылда бир канча ири тоо-кен ишканалары ишке берилет
Кумтөрдүн мамлекетке өтүшү менен Кыргызстан тоо-кен тармагында кескин реформаларга барган. Жыйынтыгы көп күттүрбөй мыкты ийгиликтер жарала баштады. Мисалы Кумтөрдүн жалгыз акционери болгон “Кыргызалтын” ишканасы акыркы жылдары катары менен рекорддук кирешеге ээ болуп, башкаруунун мыкты үлгүсүн көрсөтүүдө. Жаңы кендер, өндүрүштөр ачылып, чыгашалуу ишканалардын иши кайра жанданды. Мындан улам, мыкты тоо-кенчи кадрларды даярдап, өстүрүү зарылчылыгы пайда болду. Жакында эле Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дагы “Кыргызалтындын” ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда, тоо кен тармагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен тыгыз кызматташып, аларды ишке тартуу керектигин, айрыкча жергиликтүү калктын балдарын окутуу зарылдыгын айткан.
Көп өтпөй, «Кыргызалтын» республикадагы алдыңкы жогорку окуу жайлары менен ири тоо-кен компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң форум уюштурду.
Иш-чаранын негизги жыйынтыктарынын бири - кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлушу болду. «Кыргызалтындын» туунду компаниясы катары «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын стратегиялык тармагы үчүн адистердин жаңы муунун калыптандыруу боюнча системалуу ишин ийгиликтүү алып барууда.
Эң ири алтын өндүрүүчү ишкана катары Кумтөр - заманбап өндүрүш базасына, күчтүү инженердик мектепке жана коопсуздуктун жогорку стандарттарына ээ. Жыл сайын жогорку окуу жайларынын жүздөгөн студенттери өндүрүштүк практикадан, бүтүрүүчүлөрү акы төлөнүүчү такшалмалардан ийгиликтүү өтүп, арасынан мыктылары Кумтөргө жана өлкөбүздүн башка тоо-кен компанияларына ишке орношууда. Таланттуу жаштарга түзүлгөн мындай мүмкүнчүлүк тоо-кен адистигине кызыккандардын санынын өсүшүнө алып келди.
Кадр даярдоо ишине мындан ары дагы зор көңүл буруп, өзгөчө мамиле жасоо зарыл. Анткени алдыда Кыргызстан ондогон ири тоо-кен долбоорлорун ишке ашырганы турат. Бул деген жаңы өндүрүш, жаңы жумушчу орундары, жаңы киреше булагы дегенди билдирет. Мисалы “Кыргызалтын” жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар.
Кумтөрдү эле эмес, өлкөбүздү өргө сүрөгөн ири дорлбоорлор
Президент Садыр Жапаров тоо-кен өндүрүшүндө экология маселеси эң башкы орунда болсун деген тапшырма койгон. Дал ошол тапшырманын алкагында Кумтөр кен жайында экологиялык мааниси зор Жер алдынан кен казуу иштери башталып, Калдыктарды кайра иштетүүгө кызуу даярдыктар көрүлүүдө.
2025-жылдын 27-августунда өлкө башчысы Кумтөр кен жайында Жер алдынан кен казуу долбооруна расмий түрдө старт берген. Президент белгилегендей, жер астынан казуу технологиясына өтүү - бул жөн гана өндүрүштүк зарылдык эмес, бул табиятка болгон аяр мамиле. Мөңгүлөрдүн үстүндөгү иштерди токтотуп, жердин терең катмарынан кен казуу экологиялык тең салмактуулукту бузбай, өлкө казынасын толтурууга шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында казылып алынуучу алтындын жалпы запасы болжол менен 200 тоннаны түзөт. Иштөө мөөнөтү кеминде 17 жылга эсептелген.
Ошондой эле Калдыктарды кайра иштетүү долбоору - Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы эң алгачкы ирет ишке ашырылмакчы болуп жаткан уникалдуу демилге болуп эсептелет. Анткени анын эң негизги максаты - калдыктарды коопсуз кайра иштетип, андан баалуу металлдарды ылгап алуу менен бирге жер кыртышын калыбына келтирүү аркылуу өндүрүштүн табиятка тийгизген таасирин минималдаштырууга багытталган.
2025-жылы дүйнөлүк алдыңкы компаниялар калдык сактоочу жайга комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, долбоор техникалык жана экономикалык жактан натыйжалуу экени толук тастыкталган. Учурда ал жакта 121 тонндан ашык алтын мамлекеттик балланска коюлган.
20 тоннага жакын алтындын запасы бар Тоголок кенинде жакында тоо-кен иштери башталат. Тоголок кенин өздөштүрүү - бул эгемендүү Кыргызстан өз каражаты, өз аракети менен ишке ашырып жаткан эң алгачкы тоо-кен долбоору болуп эсептелет.
Эгер мурда ири кендерибизди чет элдик компанияларга ишенип, теңме-тең же андан азыраак үлүшкө моюн сунуп иштетип келген болсок, бул жолу толугу менен Кыргызстан өз күчүнө ишенүүдө.
Деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте, климаттык шарты татаал, жолу катаал Кыргызстандын эң чыгыш четиндеги жаңы кенди нөлдөн баштап өздөштүрүү
- улуттук намыстын иши, кыргыз тоо-кенчилеринин кесипкөйлүгүнүн сыноосу болуп калмакчы.
Мындан тышкары, Тоголок кенине катарлаш жайгашкан Жангарт аянтында жүрүп жаткан геологиялык чалгындоо иштеринин алдына ала жыйынтыгы дагы кендин келечегине зор үмүт жаратууда. Ал жактагы баалуу металлдардын запасы аныкталып, такталса, дагы ондогон жылдар кыргыз экономикасынын негизги тиреги болуп бермекчи.
Балыкчы – кыргыз тоо-кен өнөр жайынын негизги логистикалык борборуна айланууда
Ысык-Көл облусунун аймагында дал ушундай ири долбоорлор ишке ашырыла баштагандан бери, Кумтөрдүн Балыкчыдагы өткөөл базасынын мааниси болуп көрбөгөндөй артты.
Бул стратегиялык долбоорлор толук кандуу ишке ашырылып баштаганда, база аркылуу ташылчу жүктүн саны да эселеп өсөт. Бул максатта “Кумтөр Голд Компани” 2025-жылдан бери өткөөл базада ири модернизациялык иштерди жүргүзүүдө.
Тактап айтканда, базанын жалпы аянты эки эсеге кеңейтилип, күйүүчү-майлоочу майлардын кампасы көбөйтүлдү.
Мындан тышкары, жүктөрдү ташуудагы коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кызматкерлер үчүн эң мыкты эмгек шарттары түзүлүүдө. Заманбап жаңы кеңсенин курулушу башталып, базанын айланасы көрктөндүрүлдү. Бул жер - жакынкы келечекте катардагы өткөөл база эле эмес, аймактагы логистикалык ири борборго айланат жана Балыкчынын жергиликтүү инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана шаардын социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына чоң салым кошмокчу.
Кумтөрдүн келечеги алдыда!
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өткөн жылы кен жайга болгон иш сапары учурунда “Буйруса, Кумтөрдүн келечеги алдыда, дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи” – деген.
Ооба, 40-50 жыл - бул жөн гана сандар эмес, бул масштабдуу геологиялык иштердин жыйынтыгына, конкреттүү тоо-кен жумуштарына негизделген өжөр фактылар.
Кумтөрдө учурда жер астынан кен казуу иштери активдүү жүрүүдө жана ал жактан алынчу алтындын так запасы 147 тонна деп белгиленген (дагы кошумча 50 тоннадан ашык алтын бар экенин геологдор аныкташкан, бирок мамлекеттик балланска коюла элек) жана ал ондогон жылдарга кенен жетет. Калдык сактоочу жайдагы тастыкталган 121 тонна алтындын жок дегенде, жарымынан көбү алынса, бул дагы ири ресурс болуп саналат. Мындан тышкары, Кумтөрдүн карьерлеринде да тынымсыз геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, ачык ыкма менен алынчу алтындын запасы дагы жыл сайын толукталууда.
Тоголок жана Жангарт кендери толук кандуу өздөштүрүлсө, ал жактын алтыны дагы өлкө экономикасына ондогон жылдар бою пайда алып келмекчи.
Эң башкысы мунун баарын бир дагы чет элдик инвестициясыз, Кыргызстан өз каржаты менен ишке ашырууда.