Жарнама

Депутат Бишкектеги айрым жогорку окуу жайларды Токмокко көчүрүүнү сунуштады

29.04.26 | 13:00
Депутат Бишкектеги айрым жогорку окуу жайларды Токмокко көчүрүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев жыйын учурунда айрым жогорку окуу жайларын Токмок шаарына көчүрүү демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлү көптөгөн өлкөлөрдө атайын студенттик шаарчаларды түзүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

"Эгерде биз Токмокту студенттик шаарчага айландырсак, бул абдан жакшы болот, себеби ал борбор калаага жакын жайгашкан. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды, анын ичинде облустук деңгээлдеги аппаратты – Чүй облусунун администрациясын Токмокко көчүрүүнү сунуштайм. Бул бош турган мамлекеттик объекттерди натыйжалуу пайдаланууга, борбор калаадагы жүктөмдү азайтууга жана Токмок шаарынын макамын көтөрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле чакан жана орто бизнестин өсүшүнө, аймактар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот", - деди депутат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча