Жарнама

Таласта «Жашыл мурас»: «Альянс Алтын» жашылдандыруу ишине салым кошту

30.04.26 | 11:49
Таласта «Жашыл мурас»: «Альянс Алтын» жашылдандыруу ишине салым кошту КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Талас облусунда Президенттин «Жашыл мурас» улуттук демилгесинин алкагында ири жашылдандыруу долбоору ишке ашууда. Талас районундагы Чоң-Кошой өзөнүндө 100 гектар аянтка 88 миң көчөт отургузуу иши башталып, аймак бара-бара жашыл токойго айланууда.

Бул демилгеге «Альянс Алтын» компаниясы да кошулуп, демөөрчү катары 1 миллион 600 миң сом колдоо көрсөттү. Каражат техникаларды күйүүчү май менен камсыздоого жана башка зарыл чыгымдарды жабууга багытталды.

Долбоорду ишке ашыруу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын карамагындагы Токой чарбачылыгы, ошондой эле КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлүүдө. Токой кызматы 2,5 миллион сом бөлсө, Айыл чарба министрлиги тарабынан 8 миллион 800 миң сом каралган. Бул каражаттар көчөт отургузууга, аймакты тосууга жана сугат системасын уюштурууга жумшалууда.

 «Жашыл мурас» демилгеси аймактын экологиясын жакшыртууга гана эмес, келечек муун үчүн жашыл жана таза чөйрө түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы бул акция башталган жылдан тартып активдүү катышып келет. Мурда компания тарабынан «Талас токоюн тазалоо» сыяктуу масштабдуу ишембиликтер жана Жерүй кенинин аймагын жана ага жакын жайгашкан айыл аймактарды жашылдандыруу боюнча демилгелер ишке ашырылган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча