Жарнама

Өлкөдө мектеп формасы өзгөртүлбөйт

30.04.26 | 12:01
Өлкөдө мектеп формасы өзгөртүлбөйт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Окуучулар үчүн мектеп формасы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу 30-апрелде Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жумушчу топ бирдиктүү мектеп формасы боюнча өкмөттүн токтомун өзгөртүүсүз калтырды. Мындай чечим мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, эксперттердин пикирлерин эске алуу менен чыгарылды.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.

Ал эми эркек балдар үчүн мектеп формасы: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат. Мектеп формасынын комплектиси бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. 3төн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет.

Министрлик белгилендей, бирдиктүү жана токтоо форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийим-кечеге байланыштуу атаандаштыкты жана материалдык абалга жараша басымдын алдын алат.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев окуучулардын формасы ыңгайсыз экенин билдирип, аны өзгөртүү сунушун билдирген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча