Жарнама

Бишкекте Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү өттү

09.05.26 | 11:54
Бишкекте Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү өттү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги Жеңиш аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташы - Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү өтүп жатат. Иш-чарага согуштун жана ооруктун ардагерлери, президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер жана башка жарандар катышты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына жана фашизмди жеңүүгө Кыргызстандын жарандары да чоң салым кошконун белгиледи.

"Улуу Жеңиштин дагы бир өзгөчөлүгү, бул жерде турган ар бир мекендешибиздин жеке тарыхына байланыштуу болгонунда. Бүгүнкү иш-чарага катышып олтургандардын ар бири согушка катышкан, оорукта эмгектенген чоң ата-чоң энелеринин же башка урук-туугандарынын эрдиктерин, каармандыктарын эскерип, азанын да, сыймыктын да көз жашы менен турушат. Мындай учурда эркиндик үчүн өмүрүн арнап, бизге Улуу Жеңишти тартуулаган улуу муунга башымды ийип таазим кылуу менен бирге, жалпы мекендештеримди Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктаймын!", - деди Садыр Жапаров.

Жеңиштин 81 жылдыгына карата Бишкекте жана башка бир катар шаарларда "Өлбөс полк" жүрүшү да өтүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча