Жарнама

Аскер кызматкери зордуктоого аракет кылган делип кармалды

11.05.26 | 12:02
Аскер кызматкери зордуктоого аракет кылган делип кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Аламүдүн районунда 20 жаштагы жигит 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалды. Маалыматты бүгүн, 11-майда Чүй облустук милициясынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 8-майда болгон. Ал күнү шектүү досу менен бирге Бишкектеги кафелердин биринен 2 кыз менен таанышкан. Алар таңга маал шектүүнүн Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы менен Кой-Таш айылындагы эс алуу комплексине жакын жайгашкан капчыгайга барышкан.

Ал жерден 20 жаштагы жигит жабырлануучу кызды зордуктоого аракет кылган. Бирок ошол учурда кыздын курбусу келип калып, арачага түшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, шектүү ЖАМКтын Күзөт жана конвой департаментинин аскер кызматкери экени жазышууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча