Министрлер кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти
Министрлер кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти. Документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Пландын алкагында Бишкек 2050-жылга чейин 1,9 миллион калкы бар, ыңгайлуу, коопсуз жана экономикалык жактан туруктуу шаарга айланышы керек.
Негизги жоболор:
-эми шаарда имарат курууда жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда башкы план сөзсүз эске алынат;
-кайсы аймак эмне максатта колдонулары так аныкталбаган жерлер боюнча чечимди министрлер кабинети чыгарат;
-жер мунапысына кирген объектилерге бул документ тиешелүү эмес;
-мурда даярдалып, бирок ишке ашпай калган курулуш пландары жаңы планга ылайыкташтырылат.
Башкы план боюнча Бишкектин түштүк тарабына эки айланма жол курулат.
Алардын бири ылдам жүрүүчү магистралдык трасса болсо, экинчиси жол чырак, аялдамасы менен кадимки жол болот. Унаа каттамдары Байтик, Арашан, Баш-Кара-Суу жана Беш-Күнгөй айылдары аркылуу өтөт.
Мындан сырткары, борбор калаада 66,8 чакырым трамвай жолу курулат. Анда трамвайлар шаардын түштүк бөлүгүнөн борборго чейин, ошондой эле түштүк-батыштан түштүк-чыгышка чейин каттайт. Алар автобекеттер жана "Манас" аэропорту менен да байланышат.
Ошондой эле жалпы узундугу 68,4 чакырым болгон метробус маршруту да каралган. Ал түндүк — түштүк жана түндүк — борбор багыттарында жүргүнчү ташып, вокзалдар жана аэропорт менен туташат.