Жарнама

Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды

11.05.26 | 17:00
Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жаңы президенти болуп Айваз Оморканов шайланды.

Шайлоо 11-майда Бишкекте өттү.

Буга чейин бош орунга үч талапкер көрсөтүлгөнү кабарланган. Оморкановдон тышкары Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин койгон.

Шайлоо күнү талапкерлердин тизмесинде Айваз Оморканов гана болду.

29 жаштагы Оморканов 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти, ошондой эле Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп эмгектенет.

Мурдагы президент Үмбөталы Кыдыралиев болгон. Ал кызматка Париж Олимпиадасынан кийин келген жана быйыл март айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча