Бишкекте райондук тергөөчүгө пара сунуштаган шектүү аял кармалды
13.05.26 | 10:18
Бишкекте Свердлов РИИБинин тергөөчүсүнө белгисиз жарандын үстүнөн урдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп берүү максатында акча сунуштады.
Райондук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1994-жылы туулган П.Н. аттуу жаран тергөө бөлүмүнүн кызматтык бөлмөсүндө акча берип жаткан жеринен кармалды.
Учурда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: