Депутат Көлбаевдин батирлерин муктаждарга таратып берүүнү сунуштады
Депутат Исманали Жороев Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) мүлкүн муктаждарга берүүнү сунуштады.
“Өткөндө Мамлекеттик мүлктүн директорунун орун басарына мыйзамдагы уруу өлтүрүлгөндөн кийин артында калган мүлк боюнча суроо бердим эле. Эгерде чындап эле менчиктештирилген болсо, ал билбейт экен. Аны мисалы ар бир 7 облуска жүздөн бөлүп, жакыр, жарды үй-бүлөлөргө же жетим балдарга, интернаттардан тарбияланып чыккан балдарга берсе жакшы болобу деген ойду айтам да. Бирок тиги киши билбеймин деп жооп берди. Бул 700 батир деген бул аябай чоң эбегейсиз акча да, эгерде 100 000 доллардан эсептей турсаңар 7 млрд доллар болуп жатат. Сизде ошол маалымат барбы?”, - деп сурады ал УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевден.
Эрбаев бул боюнча маалымат жок экендигин айтты.
«Анткени кылмыштуулук тобу менен көрүшү боюнча бир эле УКМК эмес, ИИМ, Башка прокуратура дагы ишмердүүлүгүн алып барышкан. Мыйзам чегинде соттун чечими менен кайтарылган мүлктүн бардыгы азыркы күндө бизге түшкөн маалыматтар боюнча Маммүлккө өткөн, алар өздөрү аукциондорго кээ бирлерин сатып, акча каражатын мамлекетке кайтарышкан. Калгандарын эмне кылышты аны агенттиктин өзүнөн сураш керек», - деди ал.
Депутат Маммүлктүн өкүлү жооп берерин убадалап, бирок аны аткарбаганын белгиледи.
«Эми бул коомчулукка кызыктуу суроо болуп жатат. 700 батир деген аябай чоң нерсе», - деди депутат.