Жарнама

Жакында Миңжылкыев көчөсү «Манас» университетинин аймагы аркылуу узартылат

13.05.26 | 16:30
Жакында Миңжылкыев көчөсү «Манас» университетинин аймагы аркылуу узартылат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте жакында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу Миңжылкыев көчөсүн узартуу иштери башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилип, күчүнө кирди. Жакынкы күндөрдө тиешелүү чечимдерге кол коюлуп, андан соң долбоорду ишке ашыруу башталат.

Мэр Кыргызстандын мыйзамдарында «жабык кампус» деген түшүнүк жоктугун, ал эми мамлекеттик университеттер шаар куруу талаптарына жана колдонуудагы ченемдерге жооп бериши керектигин кошумчалады.

Ал аймакта коомдук транспорттун аялдамалары болбой турганын, ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөр каралганын айтты.

Жунушалиев Бакаев көчөсү Миңжылкиев көчөсү менен байланыштырыларын маалымдады. Ал учурда жолдорду куруу гана каралып жатканын, мурдагы аэропорттун аймагына турак үйлөрдү куруу боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча