Токтогул районунда аким алмашты - Акылбек Тюкебаевдин ордуна Самаев
15.05.26 | 10:51
Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка кол коюлганы тууралуу 15-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин 2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын май айына чейин Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген.
Ал эми Акылбек Түкөбаев Токтогул районунун акими кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Акылбек Түкөбаев аталган кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган.
Редактор
Редактор
Поделиться: