Жумгал районунда аким алмашты – Набиевдин ордуна Исаков келди
15.05.26 | 11:05
Адыбек Набиев Нарын облусунун Жумгал районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын президенти кол койгонун 15-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ордуна Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн бир катар аймактарында кадрдык өзгөрүүлөр жүрүп, район жетекчилери алмашууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: