Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барды
Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барып, аны аба майдандан коңшу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Президент ал жакта өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал саммитине катышат. Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү жана уюмдун башкы катчысы катышары күтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, саммит “Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү” темасына арналат. Анын алкагында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды өнүктүрүү, жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана санариптик билим берүүнү өнүктүрүү багытындагы тажрыйбасын тааныштырат.
Мындан тышкары, ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат. Алардын катарында санариптик транспорттук коридор түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү жана санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери бар.
Президенттин маалымат кызматы бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосунда жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну чыңдоодогу маанилүү этап болорун белгиледи.