Медербек Алиев БУУда миграциялык саясат боюнча улуттук баяндама сунуштады (видео)
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Жогорку Кеңеш Медербек Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Башкы Ассамблеясында өткөн Коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимди ишке ашырууну кароо боюнча эл аралык форумда (IMRF 2026) сөз сүйлөдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Кыргыз Республикасы коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин принциптерине берилгендигин дагы бир ирет тастыктап, миграция жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.
Ошондой эле форум глобалдык өнөктөштүктү бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана миграциялык процесстерди башкаруу механизмдерин өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча экенин айтты.
Медербек Алиев Глобалдык келишимди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы Улуттук ыктыярдуу баяндамасын сунуштаганын эске салды. Анын айтымында, документ мамлекеттик органдардын, жарандык коом өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана БУУнун миграция маселелери боюнча тармагынын катышуусунда кеңири жана инклюзивдүү форматта даярдалган.
Ал ошондой эле Кыргызстан миграциялык саясаттын бир катар багыттары боюнча практикалык жыйынтыктарга жетишип жатканын билдирди.
«Өлкөдө жарандарды чет өлкөгө чыгууга даярдоодон тартып, жумушка орноштурууга көмөктөшүү, чет мамлекеттерде колдоо көрсөтүү жана мекенине кайтып келгенден кийинки реинтеграцияга чейин миграциялык процесстин бардык этаптарын камтыган мигранттарды колдоонун комплекстүү системасы иштейт. Бул система “ишеним телефондорун”, онлайн-кеңештерди, билим берүү программаларын, ошондой эле сапарга чейинки даярдоо жана реинтеграция борборлорун камтыйт», — деди ал.
Мындан тышкары, миграциянын экономикалык потенциалын ачууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди. Бул багытта Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө инвестиция салган мигранттарды колдоого багытталган «Мекеним 1+1» программасы ишке ашырылууда.
Ошондой эле Медербек Алиев Кыргызстан өлкө аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ырааттуу камсыздап жатканын, анын ичинде сот адилеттигине жана социалдык кызматтарга тең жеткиликтүүлүк түзүлүп жатканын билдирди.
https://www.instagram.com/reel/DYXILjwtkCf/?igsh=MTU0bXFzb2VvN3gx