Жарнама

Чек ара кызматынын алты кызматкери контрабандалык товарлар менен кармалды

16.05.26 | 21:20
Чек ара кызматынын алты кызматкери контрабандалык товарлар менен кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери контрабандалык товарлар менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору маалымдады. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын операцияларынын  жүрүшүндө Кыргызстандын аймагы аркылуу чет элдик тамеки продукцияларын аткезчилик жолу менен алып өтүп жаткан уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду. Бул иш чаралардын натыйжасында кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары жана алардын ишине катышкан Мамлекеттик чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери контрабандалык товарлардын кезектеги партиясын алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалышты.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында алты айыпталуучу кармалды. Учурда тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча